• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык Рамина Цой футбол боюнча Дүйнө чемпионатына калыстык кылат

Спорт 0

Бишкек, 17.07.23. /Кабар/. Кыргызстандык ФИФА калыс жардамчысы Рамина Цой 2023-жылкы футбол боюнча кыз-келиндер арасындагы Дүйнө чемпионатынын оюндарына калыстык кылат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 32 команданын катышуусунда өтө турган Дүйнөлүк биринчилик 20-июлдан 20-августка чейин Австралиянын жана Жаңы Зеландиянын тогуз шаарында өтөт. Цой бул турнирде Борбордук Азиянын калыстары арасындагы жалгыз өкүл.

"Азыркы убакытта Рамина Цой Сидней шаарында (Автралия) турнирге даярдык көрүүдө. Даярдыктын алкагында ал машыгууларга жана семинарларга катышып, достук беттештерди тейлеп жана фитнес-тесттерди тапшырууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий