• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эгер бала коронавирус менен ооруп калса, ата-эне эмне кылышы керек?

COVID - 19 0

Бишкек, 07.12.22. /Кабар/. Эгер бала коронавирус менен ооруп калса, чоңдор ооруп калганда жасаган аракеттерди көрүү керек.

Республикалык штабдан билдиришкендей, биринчи кезекте педиатрга же үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылып, аларга оорунун бардык белгилерин айтып берүү зарыл.

Дарыгер баланын учурдагы белгилери (алар начарлап жатабы?), мүмкүн болгон байланыштар жана дарыгерге керектүү сунуштарды берүүгө мүмкүндүк берген башка жагдайлар жөнүндө сурайт.

Бул илдеттин жеңил (же симптомсуз) түрү болсо, анда дарылоо үй шартында жүргүзүлөт. Ооруга кабылган балага жылуу суюктукту көп берүү керек. Бул вирустук интоксикацияны, ысытманы тез басууга, ошондой эле жөтөлдү жана ангинаны басаңдатууга мүмкүндүк берет.

Көпчүлүк учурда COVID-19га чалдыккан балага тынчтык жана суюктукту көп ичүү зарыл.

Дарыларды дарыгердин дайындоосу менен гана колдонуңуздар. Көпчүлүк учурларда дары-дармек талап кылынбайт, анткени COVID-19 балдарда көбүнчө жеңил өтөт. Үй режимин сактоо жана көп суу ичүү жетиштүү.

Эгерде баланын абалы начарлап кетсе, токтоосуз түрдө 103 телефонуна чалуу зарыл. Тез жардам кызматы күнү-түнү иштейт.

Баланы сөзсүз түрдө бала бакчага алып барууга болбойт, ал тургай, мурдунан бир аз суу агып жана жөтөл байкалса, дене табы жоктой сезилип, бирок бала алсыз жана уйкулуу болгон шартта дагы. Башка балдарга да жугузуусу мүмкүн.

Эскерте кетсек, балдарга COVID-19 инфекциясын жугузуучулар катары эмделбеген ата-энелер, туугандары жана жакындары саналат. Ошондой эле ковид менен ооруган бейтаптар, анын ичинде илдеттин белгилери билинбеген адамдар.

Пикир

Оставить комментарий