• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бир суткада 100 адамдан COVID-19 табылып, 3 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда 7-сентябрга карата коронавирус дагы 100 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 40, Чүй облусунда – 26, Ош облусунда – 3, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 19, Жалал-Абад облусунда – 3, Баткен облусу – 4 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 121 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 788 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 139 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 176 миң 682 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 170 миң 745 киши айыгып чыкса, 2 миң 557 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий