• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда дагы 207 адамдан COVID-19 табылып, 8 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 26.05.21. /Кабар/. Кыргызстанда 26-майга карата коронавирус дагы 207 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 102, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 40, Ош облусунда – 8, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 24, Жалал-Абад облусунда – 11, Баткен облусу - 3 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир сутка ичинде 332 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 230, Ош шаарында – 11, Чүй облусунда – 51, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 2, Нарын облусу – 10, Ысык-Көл облусунда – 25, Баткен облусунда – 1 адам сакайды", - деди Акматова.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 4, Чүй облусунда – 3, Талас облусунда – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 596 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 45 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1071 бейтаптын абалы орто оордукта, 424 адамдын абалы оор жана 85 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 618 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 549 медкызматкер айыккан.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 103 миң 207 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 96 миң 765 киши айыгып чыкса, 1 миң 773 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий