• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги эпидкырдаал: Өткөн суткада COVID-19дун 360 жаңы учуру аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/. Бишкекте бир суткада COVID-19дун 360 жаңы учуру катталды, анын ичинен 357 – лабораториялык, ал эми 3 – клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталды. Бул тууралуу брифингде Бишкек мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова билдирди.

Анын айтымында, жаңы катталган 360 учурдун 204ү симптомдуу, 156 учуру симптомсуз аныкталган. 25 шаардык ооруканага жаткырылып, 335 бейтап амбулатордук түрдө дарыланууда.

Райондорго бөлүп караганда:

- Ленин районунда – 135;

- Биринчи май районунда – 53;

- Октябрь районунда – 54;

- Свердлов районунда – 48;

- Башка аймактан келгендер – 55 учур.

Мындан тышкары, жаңы аныкталган 360 учурдун ичинен 41и байланышта болгон адамдардан аныкталса, 319 шаардыктар белгилер менен өз алдынча кайрылышты.

Пикир

Оставить комментарий