• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 400 адамдан табылып, 3 жаран каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 11.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 400 адамдан табылып, 3 жаран каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек - 97, Ош - 16, Чүй облусу – 56, Ош облусу - 35, Талас облусу - 19, Нарын облусу - 3, Ысык-Көл облусу – 59, Жалал-Абад облусу – 78, Баткен облусу - 37 адам илдетке кабылды.

Ал эми акыркы бир күндө 532 адам сакайып чыкты. Алардын ичинен Бишкек – 128, Ош шаары – 16, Чүй облусу – 58, Ош облусу – 95, Талас облусу – 14, Нарын облусу – 7, Ысык-Көл облусу – 61, Жалал-Абад облусу – 69, Баткен облусу – 84 киши айыкты.

Өлкөдө жалпы 64 миң 360 адам коронавируска кабылса, 55 миң 306 киши айыкты.

COVID-19 илдетинен 3 адам каза болду. Бишкекте – 2, Ош шаарында – 1 киши көз жумду. Жалпы өлкө боюнча 1 миң 188 жаран каза тапты.

Акыркы суткада 2 миң 851 ПЧР анализ жүргүзүлдү. Стационарда 3 миң 347 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 850 бейтап дарыланууда. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды.

Ал эми бир суткада стационардан 7, үй карантининен 5 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 658 учур катталды, алардын ичинен 3 457 медкызматкер сакайды.

Пикир

Оставить комментарий