• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Калкты эмдөө акциясы: Бишкекте 10 күн ичинде 10 миң 502 адам эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 14.09.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында калкты коронавирустук инфекцияга каршы эмдөө боюнча 1-10-сентябрь аралыгында масштабдуу акция болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн брифинг учурунда Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын директорунун орун басары Бакыт Шамырканова билдирди.

Анын айтымында, жалпы акция учурунда 8 миң 913 адам медициналык текшерүүдөн өтүп, ал эми 10 миң 502 адам эмделди.

"Акциянын алкагында каттоосу бар, ошондой эле катталбаган жарандар дарыгерлердин кароосунан өтүштү. Мындан тышкары, медициналык кызматкерлер тарабынан элге эмдөөнүн маанилүүлүгү жана зарылдыгы боюнча активдүү түшүндүрүү иштер жүргүзүлдү", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий