• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекке жыл аягына чейин 120 автобус келет

Коом 0

Бишкек, 28.10.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин Бишкекке 120 автобус келет. Бул тууралуу журналисттерге борбор калаанын мэри Эмилбек Абыдкадыров билдирди.

Анын айтымында, автобустарды сатып алууга шаардык бюджеттен 1 млрд сом бөлүнгөн.

“Белгилеп кетейин, акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүндү. Тактап айтканда, автобустарды долбоорлордон тышкары сатып алуудабыз. Акыркы төрт-беш жылда өнөктөштөр менен долбоордун алкагында алынып жаткан автобустарга тиешелүү процедуралар созулуп кетти”, - деп кошумчалады шаар башчысы.

Мэр белгилегендей, автобустар кытайлык кампаниядан сатып алынып, акчасы төлөндү.

Кошумчалай кетсек, буга чейин мэрия кытайлык Zhongtong Bus Hoiding Co., Ltd компаниясынан 120 автобус сатып алары айтылган. Ар биринин баасы тетиктери менен 91 миң АКШ долларын түзөт.

Пикир

Оставить комментарий