• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бүгүн Бишкекте президенттин катышуусунда донордук конференция өтөт

Коом 0

Бишкек, 19.11.19. /Кабар/. Бүгүн, 19-ноябрда Бишкекте «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» жогорку деңгээлдеги донордук конференциясы өтөт. Анын ишине Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков катышат.

Форумдун максаты өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен өлкөнүн милдеттери, реформалар, жетишкендиктер жана артыкчылыктары боюнча бирдиктүү позицияны иштеп чыгуу болуп саналат.

Белгилей кетсек, форумду өткөрүү 2018-жылдын 1-ноябрында Сооронбай Жээнбековдун донорлор менен жолугушуусунда макулдашылган.

Конференцияга Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча маселелерди талкуулоого катыша турган 25 эл аралык уюмдардан жана 10 өлкөдөн өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр чакырылган.

Пикир

Оставить комментарий