• 88.68
  • 95
  • 0.95

Салык кызматынын лотереясынын 3-күнүндө 234 адам баалуу байгенин ээси болот

Экономика 0

Бишкек, 27.12.23. /Кабар/. Бүгүн, 27-декабрда Мамлекеттик салык кызматынын "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясынын байгелерин ойнотуунун үчүнчү күнү.

МСКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, түз эфирдин жүрүшүндө 100 iPhone14, 100 смартфон, 30 ноутбук жана 4 Dyson фени ойнотулат. Башталышы саат 13.00.

Эскерте кетсек, 25 жана 26-декабрда 517 байге ойнотулду. Мындай утуштар 29-декабрга чейин созулуп, күн сайын 234 байгеден ойнотулат.

Негизги иш-чара 30-декабрда өткөрүлүп, 10 батир, 11 электромобиль жана чет өлкөгө 4 жолдомо ойнотулат. Утуштар саат 15:00дө УТРК, Ала-Тоо 24 каналдарында, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана Youtube баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.

Утуштарды бул жерден көрсө болот:

Facebook https://www.facebook.com/salykKG

YouTube https://www.youtube.com/@salyk_kg

Пикир

Оставить комментарий