• 88.68
  • 95
  • 0.95

Дохада 2024-жылы Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөткөн туристтик роуд-шоу өткөрүлөт

Коом 0

Бишкек, 27.12.23. /Кабар/. Катардын борбору Доха шаарында 2024-жылы Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөткөн туристтик роуд-шоу өткөрүлөт. Анда туризм тармагындагы ар тараптуу байланыштарды түзүүгө мыкты мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Нурмухамед Миңбаев менен Катардын элчиси Али Жабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Марринин жолугушуусунда айтылды.

Туризм департаментинен кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу күн мурун Бишкекте өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө бир катар ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө макулдашылды.

Ошондой эле эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү максатында өлкөлөр ортосундагы активдүү кызматташууну улантуу чечими кабыл алынды.

"Катар менен туризм чөйрөсүндө бир нече биргелешкен иш-чаралар өткөрүлүүдө. Азыркы учурда Кыргызстан Доха шаарындагы Катар-ЭКСПОго активдүү катышууда. Кыргызстандын павильону ЭКСПОго келүүчүлөр үчүн жергиликтүү өндүрүштөгү продукциялары менен улуттук стилде коюлду", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий