• 88.68
  • 95
  • 0.95

Банктар баткендиктерге 5,7 млрд сомдук насыя беришти

Экономика 0

Бишкек, 14.06.23. /Кабар/. Финансы-кредиттик уюмдар Баткен облусунун тургундарына дээрлик 5,7 млрд сом өлчөмүндө артыкчылыктуу кредиттерди беришти. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Улуттук банк 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 2022-П-12/71-1 (НПА) "КР Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери тууралуу" токтомунун талаптарынын аткарылышына мониторинг жүргүзүп турат.

Жогорудагы токтомду аткаруу максатында, ФКУ Баткен областындагы карыз алуучулар боюнча бир катар чараларды көргөн:

- 2022-жылдын 18-ноябрынан 2023-жылдын 31-майына чейинки аралыкта ФКУ тарабынан 5 692,5 млн сомго 52 095 кредит артыкчылыктуу тартипте каралган жана берилген;

- "Кепилдик фонд" ААК 374,1 млн сом суммасына 381 кредит боюнча 177,3 млн сом суммасына 376 кепилдик берген.

Пикир

Оставить комментарий