• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кыргызстандан малдын терисин жана продукциясын экспорттоо мүмкүнчүлүгү кеңеет

Экономика 0

Бишкек, 11.04.24. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Сокулук районундагы кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары менен айыл чарба багытындагы талаалардын абалын көрүп, бир катар тапшырмаларды берди.

Ведомстводон билдиришкендей, министр менен кошо министрликтин борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары менен адистери барды.

Алгач Новопавловка айылындагы "Бархан дог чьюс" заводунда кара малдын (жылкы, уйдун) жана майда малдын (эчки, кой) терисин кайра иштетүү, андан үй жаныбарлары үчүн азыктарды өндүрүү, жүн менен терини иштетүү боюнча долбоорду жүзөгө ашырууга көмөктөшүү боюнча көчмө жыйын өттү.

Аталган завод 2018-жылы түзүлүп, 2021-жылы ишке берилген. Бүгүнкү күндө өндүрүлгөн продукция Америка, Канада, Турцияга экспорттолуп келет. Алсак, 2021-жылы Америкага 35 тонна, Канадага 15 тонна, 2022-жылы Америкага 60 тонна, 2023-жылы Америкага 50 тонна, 2024-жылдын биринчи кварталында Турцияга 20 тонна экспорт кылган.

Учурда заводдун ишмердүүлүгүн арттыруу багытында 1-2 га жер аянтына жаңы завод куруу, Кыргызстан боюнча терилерди чогултуу, каржылык инвестициялык көмөк көрсөтүү каралууда.

Заводдун ишмердүүлүгү кеңейип, модернизация болуп, толук кубаттуулукта ишке киргизилсе жылына 500-750 тоннага чейинки чийки затты (терини), иштетип, 150-250 тоннага дейре даяр продукцияны чыгарууга жөндөмдүү болот.

Андан соң Шалта айылындагы "Алия" ишканасында койдун терисин кайра иштетүүчү цехти кеңейтүү жана тазалоочу жайларды куруу боюнча долбоорго көмөктөшүү боюнча жыйын өттү.

Терини кайра иштеткен "Алия" ишканасы чыгарган продукцияларын Америка, Европага чейин экспортко чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар. Жыйындын жүрүшүндө ишкананын масштабын кеңейтүү үчүн 8,9 млн сом инвестициялык көмөк зарылдыгы айтылды.

Натыйжада, мындан ары терилер таштандыга ыргытылбай, аны кайра иштетүү жана сыртка экспорттоо мүмкүнчүлүгү жогорулайт.

Көчмө жыйындын соңунда жаңы завод үчүн жер аянтын бөлүү, долбоорлорго каржылык жардам берүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгуу министрликтин бөлүмдөрүнө тапшырылды.

"Ишкерлерди колдоого мамлекет болгон күч аракетин жумшайт. Учурда кайра иштетүү өнөр жайларына мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп жатат, кандай көмөк, жардам керек болсо чечип берүүгө даяр. Ишкерлер өндүргөн продукцияларынын сапатын жакшыртууга, көлөмүн арттырууга жана экспортко чыгарууга мамлекеттик деңгээлде ар тараптуу жардам көрсөтүлөт", - ддеди Төрөбаев көчмө жыйындан кийин.

Иш сапардын соңунда Военно-Антоновка айылындагы айыл чарба талааларынын абалына дагы көңүл бурулуп, ээн, бош калган жерлерди толук кандуу иштетүү үчүн адистерге тиешелүү сунуштамаларды иштеп чыгуу тапшырылып, бир катар чечимдер кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий