• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Улуттук банк: Жыл башынан бери акча которуулар 39% өскөн

Экономика 0

Бишкек, 28-июнь /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Өткөн жылга салыштырмалуу акча которуулардын көлөмү болжолу менен 39 пайызга өскөн. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылдын 5 ай аралыгында накталай келген акчалардын көлөмү 695 млн долларды түзгөн, бул өз кезегинде өткөн жылга салыштырмалуу 39% пайызга көп.

Америка валютасынын наркынын турксуздугу боюнча, Абдыгулов рублдин долларга болгон баасынын түшүшү, нефтинин баасынын туруксуздугу тышкы факторлорго байланыштуу болоорун баса белгиледи. “Бизде нарк эркин болот, себеби бизде жетишээрлик көлөмдө валюта бар”,-деди.

Мындан тышкары Т. Абдыгулов эл аралык институттардын айткан сын-пикирине карабай, Улуттук банк Кыргызстанда Ислам банкын ачуу идеясынан кайтпайт деп билдирди.

Ал Улуттук банк ар кандай тарыхый кырдаалдарда дагы долбоорлорго катышып келгендигин түшүндүрдү. Мисал катары Абдыгулов “Алай кард” системасын, “Айыл банктын” негизделишин жана насыя бирикмесин айтып өттү.

Пикир

Оставить комментарий