• 88.68
  • 95
  • 0.95

Январь айында мамлекеттик карызды төлөөгө 2,5 млрд сомдон ашык каражат кетти

Экономика 0

Бишкек, 05.02.20. /Кабар/. 2020-жылдын январь айында ведомстволук классификация боюнча кассалык чыгымдарга 9 млрд сомдон ашык каражат сарпталган. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал каражаттын ичинен бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин маянасына республикалык бюджеттен 2 млрд 161,3 млн сом, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпулга 790 млн сом жана социалдык камсыздоо боюнча жөлөкпулга 264,5 миң сом бөлүнгөн.

Андан тышкары, товар жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууга 109,7 млн сом, товар жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга 12,6 млн сом, коммуналдык кызматтарды төлөөгө 39,4 млн сом бөлүнгөн. Ошондой эле мамлекеттик карызды (ички жана сырткы карыз) төлөөгө 2 млрд 564 млн сом кеткен.

Калган каражат корголгон жана корголбогон беренелер боюнча сарпталган.

Пикир

Оставить комментарий