• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мамлекеттик матрезервдер фонду 30,3 тонна аштык буудай сатып алды

Экономика 0

Бишкек, 27.12.23. /Кабар/. 27-декабрга карата Мамлекеттик материалдык резервдер фонду дыйкандардан 30 миң 380 тонна аштык буудай сатып алды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сатылып алынган буудайдын сапаттуулугу үчүнчү класстан төмөн эмес жана илешкектиги (клейковинасы) 23% кем эмес.

Белгиленгендей, ушуну менен быйылкы жылга сатып алуу иштери аяктады. Былтыр бул көрсөткүч 22миң 500 тоннаны түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий