• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кореялык ишкерлер Нарын облусуна чакан ГЭС курууну пландоодо

Экономика 0

Бишкек, 14.11.22. /Кабар/. КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Кореяга атайын иш сапары менен барып келди. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш сапарынын жүрүшүндө Нарын облусу менен Кореянын Ганвон-до Инже округунун ортосунда достук алакасы түзүлүп, өз ара кызматташуу, тажрыйба алмашуу жана айыл чарба долбоорлорун жылдыруу меморандумуна кол коюлду.

Белгиленгендей, Кореялык ишкерлер Нарын облусуна 5 мегаВаттык чакан ГЭС куруу маселесин карап берээрин билдиришти. Учурда ГЭС курууга ылайыктуу аймакты тандоо, даярдоо иштери башталды. Белгилей кетсек, Нарын облусунун гидроэнергетикалык потенциалы өтө жогору болгондуктан 2,5 миң мегаВаттык суу электр станцияларын куруу мүмкүнчүлүгү бар.

Мындан тышкары, айыл чарба тармагында сулуну кайра иштетүү, экспорттоо, жашылчаларды өстүрө турган күнөсканаларды куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Иш сапарында Алтынбек Эргешов Кореянын Сеул шаарында жайгашкан Жашыл климат фондунун регионалдык директору Урвакш Д. Пателдин кабыл алуусунда болуп, Нарын облусундагы бардык 65 миң 781 электр абонентине күндөн электр энергиясын алуучу электрстанцияларын орнотуу жана ушул абоненттерди 328 миң 905 даана бак-дарактардын көчөттөрү менен камсыздоо долбоорун колдоп берүүнү сунуштады.

"Бул долбоор колдоо таап, ишке ашкан шартта электр энергиясына жана көмүр отунуна кеткен чыгымдар кескин кыскарып, элдин социалдык-экономикалык абалына, айрыкча аз камсыз үй-бүлөлөрдүн кошумча киреше табуусуна жакшы шарт түзүлөт. Эң негизгиси экологиябыз зыяндуу нерселерден корголот. Мисалы, Нарын облусу жылына 660 млн килоВатт саат электр энергиясын, от жагуу мезгилинде 200 миң тонна көмүр отунун керектейт. Ушул көлөмдөгү көмүр отунун колдонууда экологияга 4600 тонна катуу калдыктар, 540 тонна көмүр кычкыл газы, 7000 тонна кычкылтек, 3600 тонна күкүрт кычкылы, 580 тонна азот кычкылы жана 34 миң тонна көмүр күлү бөлүнүп чыгат", - деп айтылат маалыматта.

Долбоорду ЖКФ регионалдык директору кызыгуу менен кабыл алып, өлкөнүн программасына киргизип, тез арада Фондго жиберишсе балким колдоо таап калаарын билдирген. Учурда долбоорду өлкө программасына киргизүү жумуштары жүрүп жатат.

Облус башчысы Алтынбек Эргешовдун Кореяга болгон иш сапарында тажрыйба алмашуу боюнча да сүйлөшүүлөр болду. Буюрса ноябрь айынын аягы менен Кореядан меймандар келээри күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий