• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Кыргызстандык спортчулар жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатында беш медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 14.11.22. /Кабар/. Кыргызстандын жиу-житсу боюнча улуттук курама командасы Абу-Даби шаарында өткөн дүйнө чемпионатында беш медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Балбандар эки күмүш жана үч коло утту. 94 кг салмакта Иса Ахмедов жана пара жиу-житсу боюнча 77 кг салмак категориясында Азат Бакиров күмүш байгенин ээси болушту.

Ал эми 56 кг салмакта Жылдызбек Абылов, 50 кг салмакта Нуртилек Сатыбалдиев жана 46 кг салмак категориясында Абдулла Рахманов 3-орунду ээледи.

Белгилей кетсек, чемпионат 29-октябрдан 8-ноябрга чейин Абу-Даби шаарында өттү.

Пикир

Оставить комментарий