• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Теңгиз Бөлтүрүк 10-январга чейин камакта калтырылды

Коом 0

Бишкек, 14.11.22. /Кабар/. “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк 2023-жылдын 10-январына чейин камакта калтырылды. Мындай чечим Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда кабыл алынды.

Мындан мурда октябрь райондук соту Теңгиз Бөлтүрүктү 2022-жылдын 10-ноябрына чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Эскерте кетсек, Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компанидеги” коррупциялык кылмыш фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Пикир

Оставить комментарий