• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Гүлнара Баатырова Жалал-Абаддагы балдардын психоневрологиялык мекемесинде болду

Аймак 0

Бишкек, 12.11.23. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде болду.

Ведомстводон билдиришкендей, Гүлнара Баатырова социалдык стационардык мекеменин имаратын кыдырып, кызмат алуучулардын жашоо-шарты, тамак-ашы, окуусу менен таанышып, балдар дагы чыгармачылык таланттарын, тарткан сүрөттөрүн көрсөтүштү.

Министр ошондой эле эмгек жамааты менен баарлашып, алардын эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди. Кызмат алуучулардын күнүмдүк тамактануусу менен таанышып жатып, сапаттуу тамак берилип жатканын белгиледи.

Аталган мекеменин директору Дамира Алимжанова мекеменин тарыхын айтып берди. “1970-жылдардан бери ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн иштеп келет.Анда республиканын бардык аймагынан 4 жаштан 18 жашка чейинкилер асыралат, анын 76сы балдар, 43ү кыздар”,-деди мекеменин директору.

Пикир

Оставить комментарий