• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто “Онлайн кайрылуу картасына” жыл башынан бери 419 жаран кайрылган

Аймак 0

Бишкек, 09.12.17./Кабар/. Кечээ ,8-декабрда Ош шаарынын мэриясынын кезектеги коллегиялык жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, ага шаардын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, коллегиянын мүчөлөрү, мекеме ишканалардын жетекчилери жана аймактык кеңештин төрага, төрайымдары катышты. Жыйындын жүрүшүндө 5 маселе каралып, талкууга алынды.
Ош шаарынын мэриясында, анын түзүмдүк жана аймактык бөлүнүштөрүндөгү аткаруучулук тартиптин абалы жөнүндө мэриянын документтик камсыздоо жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Кайрынса Маматова маалымат берди.
“Мэриянын документ жүгүртүүсү 2017-жылдын 11 айында 19102 документти түздү, 2016-жылдын 11 айына салыштырганда (15947документ) 17 пайызга көп болду, анын ичинде жарандардан түз жана жогорку турган органдар аркылуу түшкөн кат жүзүндөгү кайрылуулардын саны 2017-жылдын 11 айында 1052 түзүп, 2016-жылдын 11 айына салыштырганда 1144 же 8 пайызга азайды.
Жарандардан түшкөн арыздардын негизги бөлүгүн жеке менчике үй куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү, турак-жай жана ижара шартында жерлерди иштетүү боюнча маселелери түзөт, 2017-жылдын 11 айында 3031 жаран кайрылган болсо, 2016-жылдын 11 айында 2752 түзгөн, же 10,1 пайызга көбөйгөн.
Мындан тышкары 4746 оозеки кайрылуу түшүп, анын ичинен 478 жаран жетекчилердин жеке кабыл алуусунда болуп, алардын койгон суроо-талаптары жеринде чечилген. Ал эми калган 4268 жаран “166” кызматына, шаардык чарба тармагынын диспетчердик кызматтарына оозеки кайрылышып, алардын маселелери оперативдүү түрдө биргеликте каралып чечилген.
Материалдык жардам көрсөтүү боюнча кайрылган 402 жарандын турмуш абалы шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан белгиленген тартипте текшерилип, 215 адамга материалдык жардам берилген.
Мэриянын демилгеси жана ПРООНдун каржылоосу менен 2015-жылдын июль айынан бери “Жарандарды кабыл алуу” борбору иштеп жатат. Быйылкы жылдын 11 айында борборго 1169 жаран жазуу жүзүндө, 460 жаран оозеки кайрылышып, өздөрүнүн суроо-талаптарына ыкчам жана сапаттуу жооп алышты.
Жарандардын кайрылууларын кароо тартибин күчөтүү максатында 2016- жылдын 16-февралынан баштап “Юз оф Ош” коомдук бирикмеси менен биргеликте жарандардын “Онлайн кайрылуу картасы”ишке киргизилип иштей баштады. 2017-жылдын 11 айынын ичинде 419 жаран онлайн картасына кайрылышып, маселелери ыкчам чечилип жоопторун алышкан.
“Онлайн кайрылуу картасына” келген жарандардын кайрылууларына жооп берүү үчүн ар бир мекеме ишканаларда атайын адистер бар.
Жогоруда аты аталган мекеме-ишканаларда аткаруучулук тартип маселеси жума сайын өткөрүлүүчү жыйындарда каралып, мэриядан барган документтердин жана протоколдук тапшырмалардын аткарылышы көзөмөлгө алынат.
Ош шаарынын мэриясынын аппаратында, анын структуралык жана аймактык түзүмдөрүндө иш кагаздарын мамлекеттик тилде алып баруу, аткаруучулук тартипти сактоо, алардын аткарылышы үчүн кадрлардын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында жыл сайын окуу семинар өткөрүлүп турат.
Быйыл дагы 8-9-ноябрында Ош мамлекеттик университетинин кыргыз тил кафедрасынын окутуучулары менен биргеликте эки күндүк окуу семинары өткөрүлдү”,-деди К.Маматова.

Пикир

Оставить комментарий