• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек ШИИББ: Калаадагы мектеп окуучуларын эч ким уурдаган эмес

Коом 0

Бишкек, 09.12.17. /Нуркыз Сабырова - Кабар/. WhatsApp тиркемеси аркылуу Бишкектеги окуучуларды уурдап жатат деп таратылган аудио билдирме чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери тиркеме аркылуу таратылып жаткан аудио жазуунунун чындыгын текшерүү үчүн ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүшкөн. Натыйжада ал билдирменин чындыкка дал келбей тургандыгы аныкталган.
“Ата-энелер маалыматты тастыкташкан жок. Бардык балдар өз үйлөрүндө жана эч кандай арыз түшкөн жок. Ага байланыштуу ата- энелерди мындай билдирүүгө ишенбөөгө чакырабыз, бул маалымат милиция тарабынан текшерилди”,-деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, мурда социалдык түйүндөрдө Бишкетеги жашы жете элек балдарды уурдап жатат деген маалымат тараган. Колдонуучулардын бири WhatsApp тиркемеси аркылуу аталган маалыматты таратып, калаа тургундарынын тынчын алган.

Пикир

Оставить комментарий