• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өлкөнүн тарыхында биринчи жолу эл шайлаган президент өз кызматын башкага өткөрүп берди - Амантур Жамгырчиев

Коом 0

Бишкек, 24.11.17 /Кабар/. Өлкөнүн эгемендик тарыхында биринчи жолу жалпы эл тарабынан шайланган Президент, өз кызматынан татыктуу өткөрдү. Мындай пикирин “Кабар” агенттигине "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары Амантур Жамгырчиев билдирди.

Анын айтымында, Алмазбек Атамбаевдин бул кадамы Кыргыз тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калмакчы.

“2010-жылы 7-апрелде элдик революция болуп, кыргыз эли Бакиевдин кандуу режимин кулатты. Ошондо 90го жакын эр азаматтарыбыздан айрылдык. Ошол каргашалуу окуяда жаракат алгандар "Айкөол Ала-Тоо" деген уюм түзүп, өлкөдө стабилдүүлүк жана мыйзамдуулук орношу үчүн жан дилибиз менен кызмат кылдык. Биздин максат революциянын баалуулуктарын сактап, анын негизги талаптарын жана максаттарын ишке ашыруу болгон. Бул жаатта Президент Алмазбек Атамбаев бар күчүн жумшап жетиштүү иштерди жасады”, - деди Жамгырчиев.

Амантур Жамгырчиев белгилегендей, өлкөдөгү эң кыйын учурда мамлекет башчы Алмазбек Шаршенович элдин биримдигин, өлкөнүн кызыкчылыгын сактап кала алды. Көптөгөн ири долбоорлор ишке ашып, эски паракор саясатчылардын катары суюлуп, коррупция менен күрөш аёсуз жүрдү.

“Эң негизгиси Алмазбек Атамбаевдин тушунда таза шайлоолор өтүп, бийлик бутактарына жаштар келип, саясатчылардын катарын жаңы жүздөр толуктады. Мамлекетибиз мыйзам жолуна түшүп, ээн баштык өкүм сүрбөй, чыныгы демократия бар экенин бүткүл дүйнө жүзү көрдү”,-дейт А.Жамгырчиев.

Ошондой эле, Амантур Жамгырчиев элибиз Алмазбек Шаршеновичти мекенчил инсан, чындыкты бетке айткан жана Кыргызстандын жаңы туура өнүгүү багытын баштап берген адам катары таанып сыйлап жүрөт деген ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий