• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте тез жардам унаасы кырсыкка учурады

Кырсык 0

Бишкек, 24.11.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкекте тез жардам унаасы кырсыкка учураганын патрулдук милициядан билдиришти.

“Жол кырсыгынын күнөөкөрлөрү жана жабыркагандары тууралуу маалымат кечирээк болот”, - дешти милициядан. Маалымдалгандай, жол кырсыгы болгон жерде адистер иштеп жатышат.

Авария 12:45 чамасында Гагарин жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Тез жардам унаасы менен Mercedes-Benz кагылышкан.

Бул Бишкекте тез жардам унаасынын катышуусундагы биринчи жолку кырсык эмес.

Пикир

Оставить комментарий