• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкектин борборунда курулуп жаткан мекеменин чатырынан бир нече куруучу кулап түштү – ИИББ

Кырсык 0

Бишкек, 16-февраль /Кабар/. Бишкектин Свердлов районунда Гоголь көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде курулуп жаткан мекеменин чатырынан бир нече куруучу кулап түштү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бардыгы тирүү, каза болгондор жок. Азыркы учурда ИИББнын кызматкерлери окуя болгон жерде иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө. Күбөлөр суралып жатат.

Пикир

Оставить комментарий