• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Азия оюндарынын жеңүүчүлөрүн жана катышуучуларын тосуп алышты

Спорт 0


Бишкек, 09.10.23. /Кабар/. Бишкекте “Манас 2” эл аралык аэропортунда Кытайдын Ханчжоу шаарында 23-сентябрдан 8-октябрга чейин өткөн XIX жайкы Азия оюндарынын жеңүүчүлөрүн жана катышуучуларын тосуп алышты.

Спортчуларды маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, спорт секторунун өкүлдөрү, спортчулардын жакындары, достору жана күйөрмандары тосуп алды.

Эскерте кетсек, аталган оюндарда Кыргызстандан 23 спорттун түрүнөн, 162 спортчу катышты. Жалпы эсеп боюнча улуттук курама команда 4 алтын, 2 күмүш жана 9 коло медаль жеңип, 18-орунду ээледи.

Пикир

Оставить комментарий