• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Кадамжайда дээрлик 5 кг баңгизат менен коңшу өлкөнүн жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.10.23. /Кабар/. Баткенде "Мак-2023" атайын иш-чарасынын алкагында баңгизат сатууга шектелитп коңшу өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Ынтымак айылында Өзбекстан менен чек арадан алыс эмес жерде 1998-жылы туулган А.Ж. аттуу коңшу мамлекеттин жараны кармалган.

Кармалган шектүүнүн жанынан 4 кг 958 грамм афган тектүү "гашиш" баңгизаты табылып, алынды.

Кармалган жаран А.Ж. ири өлчөмдө баңгизат сатууга айыпталып, кылмыш иши козголду. ,

Пикир

Оставить комментарий