• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Бишкек шаардык СИЗО-1дин жетекчисинин орун басары акча опузалоо үчүн кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30-март /Кабар/. Бишкек шаардык СИЗО-1дин жетекчисинни орун басары акча опузалоо үчүн кармалды. Бул тууралуу КР УКМК басма сөз кызматы билдирди.

“2017-жылы 29-мартта КР УКМК кызматкерлери тарабынан Бишкек шаардык СИЗО-1дин жетекчисинин орун басары ички кызматтын подполковниги Э.Ш. пара алуу менен кармалган”, - деп айтылат билдирүүдө.

Кармалган “Э.Ш.” Бишкек шаардык СИЗО-1ге азык-түлүк продуктуларын ташуу тендерине байланыштуу 87 миң сом өлчөмүндө акча каражатын опузалап алган.

Бул факты боюнча Атайын прокуратура тарабынан КР КК 313-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган “Э.Ш.” УКМКнын убактылуу камакка алуу жайына камалды.

Тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий