• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Сот Күрөш федерациясынын вице-президентин эки айга камакта калтырды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.10.23. /Кабар/. КР Күрөш федерациясынын грек-рим түрүн көзөмөлдөгөн вице-президенти Ахрор Иминов соттун чечими менен камакка алынды.

Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун 12-октябрындагы токтому менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Тергөө башкы башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылып, И.А.Х.ны ушул жылдын 4-декабрына чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Эскерте кетсек, УКМК Иминовду КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүмү ("Уюшкан топ түзүү же ага катышуу") менен К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрүн каржылоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармаган.

Пикир

Оставить комментарий