• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте 53 жаштагы адамды ур-соккуга алган шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.11.20. /Кабар/. Бишкек шаарында 53 жаштагы эркек кишини ур-соккуга алган шектүү кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-ноябрда саат 19:00дөр чамасында "102" кызматына Л.Толстой жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинен адамды уруп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаган. Милицияга 53 жаштагы О.З. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда саат 18:50лөр чамасында белгисиз жаран арыз ээсин ур-соккуга алган.

Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары 40 жаштагы Б.А. аттуу жаранды кармашкан. Шектүү Биринчи май райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 266-беренесинин (Ээнбаштык) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий