• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарында 10 жашар баланы сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13-апрель /Кабар/. Нарын облустук патрулдук милициясынын кызматкерлери Нарын шаарында 10 жашар баланы сүзүп, качып кеткен айдоочуну кармашты. Бул тууралуу КР ИИМ ПМББ басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, 12-апрелде Нарын шаардык ИИБдин күзөт бөлүмүнө А.Э. ушул эле күнү 14:20 чамасында белгисиз айдоочу унаа менен жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеден баланы сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткендиги боюнча арыз менен кайрылган.

“Жол кырсыгынын кесепетинен 10 жаштагы Ж.М. ооруканага жаткырылган. Бул факт Нарын ШИИБинин кырсыктарды каттоо китебине жазылган”, - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Ыкчам издөө чараларынын жыйынтыгында 18:00 чамасында Нарын облустук патрулдук милиция кызматкерлери "Дайхатсу" унаасын жана 27 жаштагы Т.К. деген айдоочуну кармашкан. Ал жогорудагы кырсыкта баланы сүзүп кеткен.

Унаа атайын унаа токтотуучу жайга токтотулуп, айдоочу Нарын ШИИБ тергөө бөлүмүнө берилди.

Бул факт боюнча текшерүү жүргүзүлүп, натыйжада айдоочу мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Пикир

Оставить комментарий