• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Баткен облусунун тургундары менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 09.10.23. /Кабар/. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Баткен облусунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Ошондой эле жолугушууга президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары, ошондой эле укук коргоо органдарынын облустук жана шаардык бөлүмдөрүнүн, прокуратура органдарынын жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.

Жолугушууда тургундар социалдык тейлөө алуу укуктарынын бузулушуна мамлекеттик органдар тарабынан аракеттер көрүлбөй жатканына даттанышты. Негизинен алар жер үлүштөрүн, балдарына жөлөк пул ала албай жатышканын жана башка көйгөйлөрдү айтышты.

Акыйкатчы мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн аялдын укуктарын сактоону камсыз кылууга чакырып, ал эми Акыйкатчы институтунун кызматкерлери аларга юридикалык кеп-кеңеш беришти.

Мындан тышкары Тажикстандан Кыргызстанга качууга мажбур болгон этникалык кыргыздар даттанышты. Алар көп убакыттан бери документтерин тапшырып, бирок КРнын жарандыгын ала албай жатышат, анткени Тажикстан расмий каналдары аркылуу алардын инсандыгын тастыктап бербей келет. Ошондой эле алар ээлик укуктары тууралуу баардык документтер болгонуна карабай Тажикстандагы өз үйлөрүн сата албай жатышканын айтышты.

“Биздин үйлөрдү сатып албагыла деп оозеки тапшырма беришкен, алар бекер эле алгылары келишет”, - дешти этникалык кыргыздар.

Акыйкатчы жалпы таанылган принциптер жана эл аралык укуктарга, ошондой эле мандатына ылайык, Акыйкатчы институту этникалык кыргыздардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча баардык чараларды кабыл аларын белгиледи.

Андан кийин Акыйкатчы Тажикстандын Ворух анклавынан анча алыс эмес жерде жайгашкан Баткен районундагы Ак-Сай жана Капчыгай айылдарына барды.
Аталган айылдар 2022-жылы Тажикстандын Кыргызстанга карата жасаган аскердик агрессиясынын учурунда жабыркаган. Анын кесепетинен жергиликтүү тургундар каза таап, айылдын 80 пайызы өрттөн жабыркаган, жарандык инфраструктуранын объектилери талкаланган, мектептин имараты күйгөн.

Аталган айылдарга барган кезде жергиликтүү бийлик органдары жабырлануучуларга бериле турган үйлөр кандай курулуп жатканын көрсөтүп беришти, ошондой эле мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан көмөк тууралуу айтышты.

Ак-Сай айылында Акыйкатчы мектептин мугалимдери менен жолукту. Анда ага аталган айылдагы мектеп азырынча курулуп жатканын, балдар үч имаратта: бала бакчада, ФАПта жана Маданият үйүнүн имаратында окууга аргасыз болуп жатышканы тууралуу маалымат беришти.

Жолугушууда мугалимдер Акыйкатчыга укуктук кеп-кеңеш сурап кайрылышты. Алардын көбү мамлекеттик ипотека алуу укуктары тууралуу кызыгышты.

Пикир

Оставить комментарий