• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президенттин саясатынын артыкчылыктуу багыттарын жүзөгө ашыруу боюнча баяндама иштелип чыкты

Коом 0

Бишкек, 24.12.20. /Кабар/. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын союзу президенттин саясатынын артыкчылыктуу багыттарын жүзөгө ашыруу боюнча баяндамасын иштеп чыкты. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын союзунун (ЖӨБ союзу) директору Өмүрбек Алманбетов билдирди.

Анын айтымында, баяндаманын түзүмү КР президентинин жарлыктарынын жана эл алдында сүйлөгөн маанилүү сөздөрүнүн мазмунун талдоонун негизинде аныкталды.

"Бул президенттин пикири боюнча бардык башкаруу структураларынын ишинин предмети болуп калууга жана оң багыттагы өзгөрүүлөрдү көрсөтүүгө тийиш болгон артыкчылыктуу көйгөйлөрдүн, темалардын жана өнүгүү багыттарынын тизмесин түзүүгө мүмкүндүк берди. Баяндама 6 бөлүмдөн турат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маселелери иш жүзүндө кандайча чечилип жаткандыгы, канааттандырарлык натыйжага жетүүгө кандай көйгөйлөр тоскоол болуп жаткандыгы жөнүндө жалпыланган корутундусу берилет. Андан кийин ЖӨБ органдары көрсөткөн көйгөйлөрдү чечүүдөгү өз аракеттерин жана кемчиликтерин баалайт, ЖӨБ органдарынын корутундусун тастыктайт же четке кагат. Ар бир бөлүм ар бир артыкчылыктуу темага карата ЖӨБ органдарынын сунуштары жана каалоолору менен аяктайт", - дейт ал.

Алманбетов баяндама Өнүктүрүү саясат институту менен биргеликте USAIDдин "Ийгиликтүү аймак" долбоорунун колдоосу менен иштелип чыкканын айтат.

"Жаңы жылда баяндаманын бир нече нускамасын президенттик аппаратка өткөрүп беребиз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий