• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Иран жана Афганистандагы суу ташкындарынан 60тай киши мерт болду

Дүйнө 0

Бишкек. 28.03.19 /Кабар/. Нөшөрлөгөн жаан жана селден улам Иранда 34 киши өлүп, 125и жаракат алды. Бир нече адам дайынсыз жоголду. Ага коңшулаш Ооганстанда жаратылыш кырсыгынан 25 адам мерт болду.

Иран басылмалары Өзгөчө кырдаалдар борборунун башчысы Пир-Хусейн Коливандга шилтеме берүү менен өткөн аптада катуу нөшөрдөн улам өлкөнүн түндүгүндөгү дарыялар жээктен чыгып, шаарды, айылдарды каптаганын билдирди. Гүлестан провинциясында 56 киши, Мазандеранда 200дөн ашуун киши үй-жайсыз калды.

Ирандын энергетика министри Рез Радаканиандын айтымында, 17 шаар 635 айыл табият кырсыгына кабылды. Жүз гектарлаган айыл чарба жерлери суунун алдында калды.

Имараттар жана көпүрөлөр талкаланды, жолдор дарыяга айланды, электр кубаты менен камсыздоодо көйгөйлөр жаралууда. Үйсүз калгандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар уюштурулууда.

Катуу жаандан улам Афганистандын түштүк, батыш жана борбордук райондору дагы жабыр тартты. Табият кырсыгына 9 провинция туш болду. Суу ташкынынан Кандагарда эле 20 адам мерт болду.

БУУ курман болгондордун арасында балдар бар экенин билдирүүдө. Он киши дайынсыз жоголду. Ооганстандын 7 провинциясы калың кар, кар көчкү жана жер көчкүдөн жабыркады.

Суу ташкындарынан улам 16 миңден ашуун үй жарактан чыкты.

Пикир

Оставить комментарий