• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

"Кабар" агенттигинде "8 млрд жашоо, чексиз мүмкүнчүлүктөр" көргөзмөсү өттү

Коом 0

Бишкек, 13.06.23. /Кабар/. Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинде бүгүн дүйнө калкынын абалы боюнча глобалдык баяндамага арналган көргөзмө өттү.

Иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фонду тарабынан уюштурулган. Көргөзмөнүн темасы "8 млрд жашоо, чексиз мүмкүнчүлүктөр" деп аталат. Анда Нью-Йорктук сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлган.

"Дүйнө калкы былтыркы жылдын ноябрында 8 млрд адамга жетти. Дүйнө азыр демографиялык маселени талкуулап жатат. Кыргызстандагыдай эле төрөлүү көрсөткүчү жогору болгон өлкө бийликтери калкты медицинага, билимге жана өзүн-өзү ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн өз убагында чараларды көрүшү керек", - дейт көргөзмөнүн уюштуруучулары.

Пикир

Оставить комментарий