• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек - Ош жолундагы туннелден өтүүгө 50дөн 6 600 сомго чейин акы төлөө сунушталууда

Коом 0

Бишкек, 07.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкек - Ош унаа жолундагы туннелдер аркылуу унаалардын өтүүсү үчүн акы алууну пландоодо.

Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Төлөм Бишкек-Ош унаа жолдорундагы туннелдерди талаптагыдай тейлөө жана эксплуатациялоо үчүн киргизилет. Каражат автоматташтырылган система же өткөрүү пунктары аркылуу алынышы мүмкүн.

- Жеңил унаалар үчүн: кыргыз номерлүү унааларга 50 сом, чет элдик номерлүү унааларга 5 доллар;
- Кичиавтобус жана жүк ташуучу унаа (3 тоннага чейин жүктү көтөрө алгандар) үчүн: кыргыз номерлүү унааларга 100 сом, чет элдик номерлүү унааларга 10 доллар;
- 22 орундуу автобус жана жүк ташуучу унаа (3 тоннадан жогору жүктү көтөрө алгандар) үчүн: кыргыз номерлүү унааларга 150 сом, чет элдик номерлүү унааларга 20 доллар;
- 22ден 32 орундуу автобус жана жүк ташуучу унаа (10 тоннага чейин жүктү көтөрө алгандар) үчүн: кыргыз номерлүү унааларга 300 сом, чет элдик номерлүү унааларга 40 доллар;
- 32 орундан жогорку автобус жана жүк ташуучу унаа (25 тоннага чейин жүктү көтөрө алгандар) үчүн: кыргыз номерлүү унааларга 350 сом, чет элдик номерлүү унааларга 60 доллар;
- Жүк ташуучу унаа (25 тоннадан жогору жүктү көтөрө алгандар) үчүн: кыргыз номерлүү унааларга 400 сом, чет элдик номерлүү унааларга 80 доллар (болжол менен 6 миң 600 сом).

Пикир

Оставить комментарий