• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Апта: Кыргызстандык футболчулардын жеңиши, Чокморовдун 80 жылдыгы, Кыргызстандын эки мыкты окуу жайы

Коом 0

Бул жума жаңылыктарга мол болду. Өлкөдө болуп жаткан бир катар коомдук, спорттук жана саясий жаңылыктар коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурду. Алгач президенттин Баку шаарына болгон сапарынан баштасак.

Бул аптада президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Азербайжандын Баку шаарында болуп, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМКК) жетинчи жыйынына катышты.

Жыйынында түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу мамилелер, анын ичинде маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык кызматташтыктын өнүгүү маселелери талкууланган. Аны менен бирге иш-чаранын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар да болду. Маселен, Жээнбеков Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Футбол: Кыргызстандын экинчи жеңиши

Белгилүү болгондой учурда, 2022-жылы өтө турган футбол боюнча Дүйнө биринчилиги жана 2023-жылы боло турган Азия Кубогуна тандоо оюндары жүрүүдө. Курамалар тайпаларга бөлүнүп, өз тайпасында күчүн сыноодо. Кыргызстандын курамасы F тайпасына түшкөн. Ал тайпада Тажикстан, Монголия, Мьянма жана Япония бар.

Шейшемби, 15-октябрь күнү Улан-Батор шаарында тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстандын курамасы Монголия менен ойноп, атаандаштарын 2:1 эсебинде утуп алды. Оюнда алгачкы голду Кыргызстандын оюнчулары киргизди – оюндун 14-мүнөтүндө Гүлжигит Алыкулов Мирлан Мурзаев чыгарып берген топту дарбазага киргизип, эсепти ачты. Ал эми беттештин 42-мүнөтүндө Мирлан Мурзаев Кыргызстандын эсебиндеги экинчи голду киргизди.

Экинчи бөлүктүн 56-мүнөтүндө Монголиянын командасынын пайдасына 11 метрлик айып соккусу белгиленип, монголиялык оюнчу Норжмоо Цеденбал эсепти 2:1 кылды.

Андан кийин оюн бирде жайлап, бирде кызып эки кураманын оюнчуларында тең гол киргизүү мүмкүнчүлүгү болуп жатты, бирок алар аны колдоно алган жок. Ошентип эсеп 2:1 болуп, оюн кыргызстандык футболчулардын жеңиши менен аяктады.

Эскерте кетсек, тандоо турунун алкагында Кыргызстанда үч оюн өткөрдү. Алгачкы оюнда Кыргызстандын курамасы Тажикстанга 1:0 эсебинде жеңилип калган. Ал оюн Тажикстандын борбор калаасы Душанбеде өткөн.

Экинчи оюн Кыргызстанда өтүп, ак шумкарлар Мьянманы 7:0 эсебинде жеңген.

Келерки айда Кыргызстан эки оюн өткөрөт. Анда ак шумкарлар Япония жана Тажикстандын курамалары менен ойнойт. Ал эки оюн тең Кыргызстанда өтөт.

2020-жылдын майрам күндөрү

Бул аптада Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги 2020-жылы кайсы күндөр майрам күн катары белгиленип, кыргызстандыктар кайсы күндөрү эс алары тууралуу маалымат берди.

2020-жылдын майрам күндөрү:

1-январь – Жаңы жыл;

23-февраль – Мекенди коргоочулар күнү;

8-март – Айымдардын эл аралык күнү;

21-март –Нооруз майрамы;

7-апрель – Элдик Апрель революциясы күнү;

1-май – Эмгек майрамы;

5-май – КР Конституциясынын күнү;

9-май ­– Жеңиш күнү;

31-август – Кыргыз Ресрубликасынын Көз карандысыздык күнү;

7-8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү.

Ай календары боюнча аныкталуучу "Орозо айт" жана "Курман айт" мусулман майрамдары жана 7-январь Исанын туулган күнү (православия рождествосу) жумушчу эмес майрам күндөрү болуп саналат.

Майрам күнү дем алыш күндөрүнө же жумушчу эмес күнгө туура келген учурда андан кийинки күн эс алуу күнү болуп эсептелет.

КРдагы эки университет Борбор Азиядагы мыкты окуу жайлардын катарына кирди

Улуу Британиянын билим берүүгө адистешкен Quacquarelli Symonds компаниясы Европадагы жана Борбор Азиядагы өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн эң мыкты деген университеттеринин тизмесин түздү.

Тизмеге жалпы 350 университет кирген. Кыргызстандан эки жогорку окуу жайы - Борбор Азиядагы Америка университети (АУЦА) жана Кыргыз-түрк "Манас" университети мыкты 190 жогорку окуу жайдын катарынан орун алган. Борбор Азиядагы Америка университети 163-орунда болсо, "Манас" университети 190-катардан орун алган.

Ал эми М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети тизменин сап башына турган.

Мыкты окуу жайлардын тизмесин аныктоо бир нече көрсөткүчтөр менен жүргөн. Алар: университеттин академиялык репутациясы, жумуш берүүчүлөр арасында анын кадыр-баркы, илимий публикациялардын кызматкерлердин жана студенттердин санына карата жарыяланышы жана илимий даражасы бар окутуучулардын саны.

Чокморовдун 80 жылдык мааракеси

15-октябрь күнү Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинде СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдык мааракесине арналган көргөзмө ачылды.

"Эсимде" аталышындагы көргөзмө Сүймөнкул Чокморов менен анын жубайы, Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Салима Шабазованын элесине арналган. Көргөзмө актердун уулу Бактыгул Чокморовдун демилгеси менен өткөрүлүүдө.

Көргөзмөдө Чокморов тарткан сүрөттөр жана архивдик сүрөттөр коюлган.

Белгилей кетсек, быйыл 9-ноябрь күнү СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов 80 жашка чыкмак. Алдыда, 17-ноябрь – Кыргыз кино күнүндө Чокморовдун 80 жылдык мааракеси белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий