• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

8 айда Кыргызстандын мамлекеттик бюджети 20,4 млрд сомго ашыгы менен аткарылды

Экономика 0

Бишкек, 12.09.23. /Кабар/. 2023-жылдын январь-август айларында Кыргызстандын мамлекеттик бюджети 20,4 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалыматка ылайык, республикалык бюджет боюнча (атайын каражаттар, МИ, ТИМ жана финансылык эмес активдерди сатууларды эсепке алганда) 229 млрд 850,8 млн сом суммасындагы жыйынды кирешелердин жана 209 млрд 392,4 млн сом суммасындагы жыйынды чыгымдарды негизинде 20 млрд 458,4 млн сом суммасында профицит менен аткарылган. Ал эми өткөн жылдын ушул мезгилинде профицит 1 млрд 641,8 млн сомду түзгөн.

Мында 2023-жылдын январь-августунда тартыштыкты жабуу булактары боюнча аткаруу – (-) 6 469 млн сомду түздү, анын ичинен:

- ички булактар - (-) 8 724,2 млн сом;

- тышкы булактар - 2 255,2 млн сом.

Киреше бөлүгүнүн аткарылышы

2023-жылдын январь-август айларында белгиленген план боюнча 205 млрд 13,8 млн сом республикалык бюджетке жыйынды кирешелеринин жалпы көлөмү иш жүзүндө 229 млрд 850,8 млн сом түшкөн же пландык тапшырма 24 млрд 837 млн сомго ашык аткарылган же 112,1% түздү. 2022-жылга салыштырмалуу аткарылган кирешелер 38,2 % га же 63 млрд 643,9 млн сомго көбөйгөн.

Республикалык бюджетке салыктык кирешелер 165 млрд 328,2 млн сом өлчөмүндө түшкөн, ал эми план боюнча 160 млрд 801,6 млн сомду түзөт. Такталган план 3 млрд 463,6 млн сом суммага көп аткарылган. 2022-жылдын январь-август айларынын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу салыктык кирешелердин көлөмү 102,8%га же 37 млрд 752,3 млн сомго көбөйгөн.

Мамлекеттик салык кызматынын салыктык кирешелери 96 млрд 538,7 млн сомду түздү же план аткарылышы 99,6 %га аткарылды, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда өткөн жылдын түшүүлөрү 13 млрд 818 млн сомго көбөйгөн.

Мамлекеттик бажы кызматынын бажы төлөмдөрү январь-август айларында 68 млрд 789,5 млн сомду ашыкча аткарылган же планды 107,7 %ын түздү же 4 млрд 911,5 млн сомго көп. Өткөн жылдын тиешелүү деңгээлине салыштырганда бажылык төлөмдөрдүн жана салыктардын түшүүсү 23 млрд 934,2 млн сомго көбөйгөн.

Салыктык эмес түшүүлөр (атайын эсептерди эске алуу менен) план боюнча 37 млрд 785,7 млн сом каралып, 56 млрд 945 млн сомду түздү. План 19 млрд 159,3 млн сомго же 50,7% га ашык аткарылган, өткөн жылга карата салыктык эмес кирешелер 27 млрд 370,7 млн сомго көбөйгөн, 2022-жылга карата өсүш темпи 192,5% ды түзгөн.

МИ эсепке алуу менен расмий трансферттердин түшүүлөрү 7 млрд 063,3 млн сомду түзгөн. Мурдагы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 1 млрд 478,2 млн сомго азайган.

Пикир

Оставить комментарий