• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын жаратылышы көз жоосун алат! – АКШнын элчиси

Коом 0

Бишкек, 12.09.23. /Кабар/. Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери дипөкүлчүлүктүн баракчасына Кыргызстанга жасаган саякаты тууралуу билдирүү калтырып, сүрөттөрдү жарыялады.

“Мен үй-бүлөм менен өлкөнү кыдырып, убакытты сонун өткөрдүм! Биз тарыхый Таш-Рабатка, Соң-Көлгө чейин жеттик, боз үй тигүүнү үйрөндүк, Жомок (Сказка) каньонун аралап, жана жашыл өрөөндөрдөн ырахат алдык. Кыргызстандын жаратылышы укмуштуудай, көз жоосун алат!” - деп жазган элчи.

Пикир

Оставить комментарий