• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек ЖЭБдеги авариянын себептерин аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 07.02.24. /Кабар/. "Электр станциясы» ачык акционердик коомунун Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борбору (мындан ары - Бишкек шаарынын ЖЭБ) филиалында штаттык эмес абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо максатында - «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» ККР конституциялык Мыйзамынын 16, 18-беренелерине ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев башында турган Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги штаттык эмес кырдаалдын келип чыгуу себептерин аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) түзүлдү.

Ведомстволор аралык комиссияга төмөнкүлөр тапшырылды:
жакынкы суткалардын ичинде Бишкек шаарынын тургундарын жылуулук менен камсыздоону калыбына келтирүү жана камсыздоо боюнча кечиктирилгис чараларды координациялоону камсыз кылсын;
бир айлык мөөнөттө Бишкек ЖЭБинде штаттык эмес кырдаалдын келип чыгуу себептерин аныктасын жана алардын талдоонун негизинде 2023/2024-жылдын күз-кыш мезгилин туруктуу аяктоо боюнча кечиктирилгис милдеттемелерди тизмесин иштеп чыксын;
келечекте ушундай кырдаалга жол бербөө боюнча чараларды сунуштасын, анын ичинде Бишкек шаарынын ЖЭБинин негизги жабдууларын реконструкциялоо жана калыбына келтирүү, аны толук модернизациялоо үчүн техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу боюнча сунуштарды жана локалдык жылуулук электр станцияларын жана от казандарды курууну эске алуу менен Бишкек шаарын жылуулук менен камсыздоо системасын борбордон ажыратуу боюнча сунуштарды киргизсин;
Бишкек шаарынын ЖЭБинде штаттан тышкаркы кырдаалдын келип чыгышына күнөөлүү адамдарга карата чараларды көрүү боюнча сунуштарды киргизсин.
Ведомстволор аралык комиссияга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, акционердик коомдордун жооптуу кызматкерлерин жана көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга, ошондой эле анын иши үчүн зарыл болгон материалдарды суроого укук берилсин.

Белгилей кетсек, бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өзүнө жүктөдү.

Эске сала кетсек, бул комиссиянын биринчи отуруму бир күн мурда өткөн.

Пикир

Оставить комментарий