• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Финансы министрлиги: 2024-жылга “Санариптик экономикага” 600 млн сом каралды

Экономика 0

Бишкек, 07.02.24. /Кабар/. 2024-жылга Кыргызстанды санариптик трансформациялоонун алкагындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн “Санариптик экономикага” 600 млн сом каралды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирет.

Ал эми 2023-жылы “Санариптик экономикага” Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоонун алкагындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 500 млн сом суммасында каражат каралган.

Финансы министрлигинин кабыл алынган чечимдери:

-КР МК 23.03.2023-ж. №166-тескемеси, 100 млн сом өлчөмүндө;

-КР МК 18.04.2023-ж №188-тескемеси, 46,8 млн сом өлчөмүндө;

-КР МК 13.06.2023-ж №326-тескемеси 9,4 млн сом өлчөмүндө;

-КР МК 12.07.2023-ж №424-тескемеси 237,6 млн сом өлчөмүндө;

-КР МК 31.10.2023-ж №663-тескемеси 105,9 млн сом өлчөмүндө.

Бөлүнгөн каражаттар жаңы маалыматтык системаларды иштеп чыгууга, колдонуудагы маалыматтык системаларды модернизациялоого, ошондой эле маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борборун курууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий