• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан жана Пакистандын аймагында биргелешкен көргөзмө, жарманкелерди өткөрүү маселеси талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 07.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев Исламабад шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Ахсан Зафар Бахтавари жана палатанын ардактуу мүчөлөрү менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө маектештер эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө Кыргызстандын жана Пакистандын аймагында биргелешкен көргөзмө, жарманкелерин өткөрүү жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда түздөн-түз бизнес байланыштарды түзүү маселелерин талкуулашты.

Элчи Уланбек Тотуяев Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле келечектүү инвестициялык долбоорлору тууралуу кеңири маалымат берди. Түрдүү тармактарда, тактап айтканда айыл чарба, туризм, текстиль жана фармацев тармактарында өз ара аракеттенүүнүн чоң потенциалына көңүл бурду. Элчи өлкөдө ишке ашырылып жаткан «Менин үйүм 2021-2026» сыяктуу мамлекеттик турак-жай куруу программаларын белгиледи. Палатанын жетекчилигин жана ардактуу мүчөлөрүн бизнес байланыштарды түзүү үчүн Кыргызстанга иш сапар менен барууга чакырды.

Тараптар Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары боюнча пикир алмашышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында Исламабад шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын делегациясынын Кыргызстанга иш сапарын уюштурууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий