• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан акыркы эки жылда 1553 автобус сатып алды

Экономика 0

Бишкек, 01.04.24. /Кабар/. Кыргызстан акыркы эки жылда 1553 автобус сатып алды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылы Бишкек шаарынын мэриясына 1000 автобус сатып алууга республикалык бюджеттен 4 млрд 513,8 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүндү. 2024-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджети жана 2025-2026-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө" мыйзамы менен автобустарды сатып алууга 4 млрд 339,2 млн сом каралып, анын 3 млрд 368и каржыланган.

Ошондой эле Ош шаарына автобус сатып алуу үчүн КР министрлер кабинетинин 2024-жылдын 5-мартындагы №83-р буйругуна ылайык, быйылкы жылдын март айында республикалык бюджеттен 262,1 млн сом бөлүнүп, аталган каржатка 100 автобус сатып алынды.

Бюджеттик кредиттер аркылуу

Мындан тышкары Финансылык кредиттик фонд аркылуу Бишкек шаарына Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) менен келишим тузулуп, 25 млн евролук субкредиттик келишимге кол коюлганАнын 11,1 млн евросу бөлүнүп, 124 газ-автобустар сатылып алынды.

Жалал-Абад шаарынын мэриясына - 10 автобуска 100 млн сом бюджеттик кредит бөлүнүп берилди.

Нарын шаарынын мэриясына – 5 автобус сатып алууга 66 млн сом бюджеттик кредиттик каражат берилди.

Эл аралык өнөктөштөр тарабынан

Мындан тышкары, Эл аралык институттар тарабынан каржыланган мамлекеттик инвестициялар долбоорлорунун алкагында Кыргыз Республикасында 2 инвестициялык долбоор бар. Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган "Шаардык транспортту электрлештирүү" долбоору. Аталган долбоордун алкагында 120га жакын экологиялык жана ыңгайлуу электроавтобустарды алып келүү күтүлүүдө.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган "Жашыл шаарлар 2", терезе 2 "Алкактык программасынын" Бишкек автобустары" долбоору боюнча 2024-жылдын январь айынын аягында 124 даана заманбап, энергоэффективдүүлүгү жогору болгон газ-автобустар алынып келинди. Аталган долбоордун алкагында дагы 70 даана газ-автобустардын алынып келиши күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий