• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Соцфонд: Октябрда пенсиянын каржыланышы дээрлик 6 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 02.11.22. /Кабар/. 2022-жылдын октябрь айында пенсиянын каржыланышы 5 млрд 795,3 млн сом түздү. Бул тууралуу Кыргызстандын Социалдык фонду кабарлайт.

Фонддун маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 10 айында пенсиянын каржыланышына 46 млрд 722,4 млн сом бөлүнгөн.

Облус жана шаарларга жогорудагы сумма төмөнкүдөй бөлүнгөн:

- Бишкек шаары — 7 млрд 552,1 млн сом;

- Чүй облусу — 7 млрд 057,4 млн сом;

- Нарын облусу — 3 млрд 693,2 млн сом;

- Ысык-Көл облусу — 4 млрд 240,3 млн сом;

- Талас облусу — 1 млрд 935,6 млн сом;

- Ош шаары — 1 млрд 672,1 млн сом;

- Ош облусу — 8 млрд 562,0 млн сом;

- Баткен облусу — 3 млрд 966,8 млн сом;

- Жалал-Абад облусу — 8 млрд 042,8 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий