• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте EXPO көргөзмөсү болуп өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 30-май /Кабар/. «Таза коом». Көз караштар, глобалдык тенденциялар жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү» эл аралык конференциясынын алкагында бүгүн, 30-майда, EXPO көргөзмөсү болуп өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Аталган иш чарага Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси Сапар Исаков, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев, Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудйбердиева, Экономика министри Арзыбек Кожошев, Саламатттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев, эл аралык өнөктөштөр, эксперттер жана башкалар катышты.

Анда белгиленгендей, EXPO милдети - «Таза Коом» жалпы улуттук долбоорун ишке ашырунун жүрүшүндө жаңы технологияларды көрсөтүү үчүн аянтча түзүү. EXPO максаты – долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышына багытталган ылайыктуу жана экономикалык натыйжалуу чечимдер менен комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүгө колдоо көрсөтүү.

Пикир

Оставить комментарий