• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абылгазиев өкмөттүн жыйынында Нарын облусунун башчысы Кайыповду уяткарды

Өкмөт 0

Бишкек, 15.02.19. /Кабар/. Өкмөттүн кезектеги жыйынында Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фонду (РКӨФ) Нарын облусунда болгону 7 долбоорду жактырып, каржылагандыгы маалым болду.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыповго кайрылып, эмнеге мындай деп суроо узатты.

"Караңыз, Чүй облусунда 147 долбоор жактырылган, Ысык-Көл облусу боюнча - 243. Акча турат, силер болсо аны колдонбойсуңар. Иштеп, регионду өнүктүрүүгө жумшаш керек", - деди Абылгазиев.

Ошондой эле өкмөт башчы министрлерди өз ара тил табышып, биргелешип инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий