• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык жумушчу топтордун жолугушуусу өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 15.02.22./Кабар/. Жетишилген макулдашууларга ылайык, 2022-жылдын 10-15-февралында Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Тараптар калган тилкелердеги кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара линиясынын өтүүсү маселеси тууралуу пикир алышып, талкууну Тажикстан Республикасынын аймагында өтүүчү келерки жолугушууда улантууну макулдашты.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Пикир

Оставить комментарий