• 88.68
  • 95
  • 0.95

Улан Ниязбеков Ирандын элчиси менен эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулады

Коом 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 15-февраль күнү ички иштер министри Улан Ниязбеков Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харази менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Ниязбеков кандай гана маселе болбосун ар дайым талкулоого ачыктыгы жана бардык багыттар боюнча кызматташууга даяр экендиги белгиленди.

Өз кезегинде Саид Харази Иран тараптын кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жана коопсуздукту камсыз кылууда жемиштүү кызматташууга даяр экендигин белгиледи. Аны менен бирге Ирандын элчиси кыргыз тараптын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча тажрыйба алмашууга кызыкчылыгын билдирди.

Жыйынтыгында жолугушуунун катышуучулары эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелерин чечүүгө достук жана өз ара түшүнүшүүнүн негизинде негизги багыттар боюнча өз ара алгылыктуу чечимдерди табууга мүмкүндүк берет деген үмүтүн билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий