• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өрткө каршы кызматынын түзүлгөндүгүнүн 94 жылдыгы белгиленди

Коом 0

Бишкек, 15.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 15-июнда КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде Өрткө каршы кызматынын түзүлгөнүнө 94 жыл толгондугуна карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, иш-чарага өрт өчүрүү тармагында кесип аркалаган ардагерлер, ӨКМнин жетекчилиги, министрликтин түзүмдүк жана аймактык башкармалыктарынын башчылары, өздүк курам катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров ардагерлерди жана өздүк курамды жылуу куттуктап, каалоо-тилектерин айтып өттү. “Урматтуу ардагерлер, урматтуу өрт өчүрүүчүлөр! Тилсиз жоо менен алпурушуп, адамдардын өмүрүн жана материалдык-баалуулуктарды сактайсыдар. 2020-жылдын 5 ай аралыгында өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 30% азайган, бул да болсо жалпыбыздан өрттү алдын алуу аракеттеринин натыйжасы десем жаңылышпаймын. Алган сыйлыгыңыздар куттуу болсун, мен сиздер менен сыймыктанам, урматтуу өрт өчүрүүчүлөр”, -деди министр З.Аскаров.

Андан соң өрт өчүрүү тармагында иштеген ӨКМдин ардагерлери жана өз кызматын мыкты, моралдык-ишмердүүлүк, кесиптик жана жеке сапаттары менен өзгөчөлөнгөн өрт өчүрүүчүлөр министрликтин ведомстволук төш белгилери, “Ардак грамота” жана башка сыйлыктары менен сыйланышты.

Кошумчалай кетсек, 2020-жылдын 5 ай ичинде республика боюнча 828 өрт кырсыгы катталып (2019-жылы 1193), өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 30,6%га азайган.

Тарых баракчалары:

1926-жылы 20-майда Фрунзе шаардык кеңеши шаар аймагында профессионалдык өрткө каршы түзүм уюштурууну токтом менен кабыл алынган. Бирок акча каражаты жетишпегендиктен шаар чарбасынын керексиз буюмдарын сатып, сатыктан түшкөн каражатка өрткө каршы каражаттарды сатып алуу чечими кабыл алынган. Ушул багыттагы иш-аракеттердин баары 1926-жылдын 15-июнуна даяр болгон. 1926-жылдын 10-июнунда «Крестьянский путь» шаардык гезит беттерине 15-июнда Кошчу көчөсүндө биринчи шаардык өрткө каршы команда түзүлгөндүгү жана ачылышы болорун жарыяланган. 15-июнь күнү Өрткө каршы кызматтын туулган күнү деп эсептелинип калган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 1994-жылы 28-октябрда № 795 Токтому менен бул күн «Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын күнү» деп бекитилген.

Пикир

Оставить комментарий