• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министрлер кабинети: Православдык көрүстөндөрдөгү вандализм фактыларын иликтөө өзгөчө көзөмөлгө алынды

Өкмөт 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Православдык көрүстөндөрдөгү вандализм фактыларын иликтөө өзгөчө көзөмөлгө алынды, - деп маалымдайт министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

«КР Ички иштер министрлигине православдык көрүстөндөрдөгү вандализм фактыларын иликтөөнү өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди», - деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов.

Ал белгилегендей, көрүстөндөрдөгү вандализм фактыларынын көбөйүшү тынчсызданууну жаратат.

«Бишкек жана Кыргызстандын епискобу Даниил менен жакында болгон жолугушууда диний чөйрөдөгү актуалдуу маселелер, анын ичинде православдык көрүстөндөрдөгү вандализм фактылары орун алып жаткандыгы маселеси талкууланды. Министрлер Кабинети бул маселеге өзгөчө көңүл буруп, мыйзамга каршы мындай аракетерди айыптайт. Укук коргоо органдарына вандализм фактыларын иликтөө жана күнөөлүү жактарды мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу тапшырмасы берилди. Жергиликтүү бийлик органдарына ишенип берилген аймактарда тийиштүү иштерди жүргүзүүсү тапшырылды. Райондук бийликтерге көрүстөндөрдү көрктөндүрүү жана тосуу үчүн кошумча каражат бөлүндү. Бул маселе өзгөчө көзөмөлдө турат», - деди Эдил Байсалов.

Пикир

Оставить комментарий